Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 30.10.2014 11:10

Жумгал районунда айрым үй-бүлөлүк медицина борборлорунда шарттар жок

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда 2014- жылга саламаттык сактоо тармагында чечилбей жаткан көйгөйлөрдүн катарында материалдык – техникалык  базаны чыңдоо боюнча райондун аймагындагы айрым медициналык жайларда шарттар каралбай келет. Мындй маалымат райондун 9 айынын жыйынтыгы менен маалым болду, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка карасак, Дыйкан ҮДТун капиталдык ремонттон өткөрүлгөнгө долбоор түрткү берүүчү грант аркылуу даярдалган, бирок ремонт башталган жок, өздүк салым маселеси чечилгендигине карабай айыл өкмөтү тарабынан кетирилген долбоор КР Саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу өтсүн деген шылтоо менен түрткү берүүчү грантка өтпөй калган.

Ошондой эле Кызыл-Жылдыз айылындагы №3 ҮДТнын жаңы салынган имараты толук ишке берилбей электр линиясы жана суу киргизилбей калган. Демөөрчүлөр тарабынан курулган ҮДТун Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтү өткөрүп алган, бирок жогорудагы көйгөйлөрү чечилбей келет. 
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×