Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 30.10.2014 12:45

Жумгал райондук аймактык ооруканасына 9 айда 1807 бейтап жатып дарыланган

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда 9 айда аймактык ооруканага 2014-жылдын 9 айына 1807 оорулу жатып дарыланган, ал эми 2013-жылы 9 айда 1752 оорулу жатып дарыланган же болбосо 55 ооруга көп жаткан. Мындай маалымат райондун 9 айынын жыйынтыгында маалым болду.

Ошондой эле дарыгерлердин жетишсиздиги эң негизги көйгөй болуп келет. Учурда 5 үй-бүлөлүк дарыгер, хирург, эндокринолог, кардиолог, ЛОР, спидолог жана өспүрүмдөр дарыгери жетишсиз болгондуктан калкка медициналык жардам көргөзүүдө кедергисин тийгизип келет.

Жумгал аймактык ооруканасы 2014-жылы 85 койка менен иш алып барды. Структурасында соматика -24 койка , хирургия бөлүмү -20 койка , жугуштуу оорулар бөлүмү -14 койка, төрөт бөлүмү -24 койка ( 5 койка Кызарт), кайра жандандыруу бөлүмү 3 койка, аптека , ЦСО, ашкана , ПДО, СПИД лаборатория, ОПК, АХЧ, кир жуучу жай ж.б иш алып барышкан. 
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×