Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 30.10.2014 12:54

Республика боюнча бүгүнкү күндө ВИЧ/СПИД илдети менен 5204 жаран катталса, 62 учуру Нарын облусунан

Turmush -  Өлкө аймагында бүгүнкү күндө ВИЧ/СПИД илдети менен 5204 жаран катталган. Мындай маалымат кечээ, 29-октябрда Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында болуп өткөн социалдык мааниге ээ коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча көп сектордуу координациялык кеңешмеде белгиденди, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

СПИД менен 622 адам катталган. Каза болгону жалпы 924 жаран, анын ичинен СПИД менен 296 жаран каза тапкан.

Нарын облусу боюнча 62 учур, анын ичинен 3 СПИД, Жумгал району боюнча бүгүнкү күндө 7 учур катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×