Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 30.10.2014 14:00

Жумгал районунда 9 айда 534 наристе жарык дүйнөгө келген

Turmush -  
Нарын облусунун Жумгал районунда 9 айда аймактык оорукананын төрөт бөлүмү 24 койка менен иш алып барды. Бул тууралуу маалымат райондун 9 айынын жыйынтыгында белгиленди. 

Анда, 2014 -жылы 9 айга 538 төрөттөн 534 бала төрөлгөн, ал эми 2013-жылдын 9 айына 649 төрөттөн 646 бала жарык дүйнөгө келген, 2013 жылга салыштырмалуу 111 төрөткө жана 112 балага азайган.

Ал эми 538 төрөттүн ичинен 9 бейтап үйүнөн төрөгөндөн кийин төрөт бөлүмүнө келишкен. Төрөлгөн 538 баланын ичинен ара төрөлгөнү - 20, өлүү төрөлгөнү – 7, өлгөн балдардын саны-7.

2014-жылы төрөт бөлүмүнө 3 эненин өлүмү катталып, көрсөткүч - 56,1 %га жеткен.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×