Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 30.10.2014 17:00

Жумгал районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунда эмгектенген айрым дарыгерлерге 1 миң сомдон айыптар салынды

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук медициналык мекемелерде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо  уюмдарындагы инфекциялык контролдоо боюнча нускамаларды бекитуу жөнүндөгү №32 токтомунун аткарылышы  боюнча текшерилип үй-бүлөлүк медициналык борборунун, аймактык оорукананын жана Миң-Куш ооруканасынын директорлоруна санитардык көрсөтмөлөр берилди. Бул тууралуу маалымат райондун 9 айында белгиленди.

Ошондой эле 9 айдын жыйынтыгы менен Үй-бүлөлүк медицина борборунун стоматологиялык кабинетинде кетирилген  кемчиликтердин натыйжасында стоматологиялык кабинеттин, тиш жасоо бөлүмүнүн башчыларына, улуу эмчи айымга, жугуштуу  ооруларды көзөмөлдөө эмчи айымына айып салуу протоколдору толтурулуп ар бирине 1 миң сомдон айып салынып өндүрүлгөн.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×