Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 03.11.2014 07:48

Жумгал районундагы орто мектептердин ысык тамак берүүдөгү санитардык абалдары сакталбагандыгы аныкталды

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы орто мектептердин окуучуларга карата берилүүчү ысык тамак учурунда мектептердеги айрым санитардык абалдары сакталбагандыгы аныкталган. Мындай маалымат райондун 9 айында белгиленди.

Анда райондук эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан сентябрь айында 8 мектеп текшерилип, 8 мектепке көзөмөлдөө актысы жазылып, санитардык эрежелерди сактабагандыгы үчүн М.Өмүрканова орто мектебинин директорунун орун басары К.Насыкеевге 
жана Султан Турусбеков орто мектебинин директору Г.Атантаевага 1 миң сомдон 2 миң сомго чейин айып салынган. 

Ошондой эле, райондогу бардык орто мектептеги мугалимдер, мектепте иштеген ашпозчулар жана техничкалар медициналык кароодон толугу менен өтүшкөн. Жер жеринде барып балдардын тазалыктарын сактоо боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлгөн. Бирок мектептерде санитардык көрсөтмөнүн аткарылбагандыгы, окуучуларга кайнатылган ичүүчү суу менен камсыз болбогондугу менен санитардык абалдары сакталбагандыгы аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×