Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 13.11.2014 19:54

«Кыргызкөмүр» МИге тоо транспорттук техника алууга 50 млн сом бөлүндү

Turmush -  «Кыргызкөмүр» мамишканасына көмүр өндүрүү жана ташуу үчүн тоо транспорттук техникасын алууга 50 млн сом бөлүндү. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган чечим Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр-жай министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын көмүр өндүрүүсүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо максатында кабыл алынган.

Белгилесек, өздүк техниканын жоктугуна байланыштуу көмүр өндүрүү боюнча өндүрүштүк программаны аткаруу максатында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы ижара шартында экскаваторлорду, самосвалдарды, авто жүктөгүчтөрдү ишке тартууга муктаж. Мында техниканы ижаралоого карата чыгымдар жылына болжол менен 25 млн сомду түзөт.

Элүү млн сом суммасындагы үстөксүз бюджеттик ссуда тоо транспорттук техниканы сатып алууга багытталат. Бул ишканага «Кара-Кече» Борбордук кен өндүрүү тилкесинде көмүр өндүрүү көлөмүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×