Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 21.11.2014 19:38

Жумгал районунда 3 жыл ичинде билим берүү жаатында 74 объект бүтүп, ишке кирген

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева Нарын облусунун Жумгал районунун 80 жылдык мааракесине катышып келди. Маарекелик иш-чара композитор Муратбек Бегалиев баштаган белгилүү инсандардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, айыл тургундарынын катышуусунда өттү.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, маарекелик иш-чарада депутат Д.Ниязалиева куттуктоо сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө 2010-жылдан кийин бир катар алгылыктуу саамалыктар болуп жаткандыгын айтты.

«КР президенти Алмазбек Атамбаев демилгелеген Өнүгүү стратегиясында приоритеттүү багыттар белгиленип, анда кирген программалар четинен аткарылып келе жатат. Маселен, түндүк-түштүк альтернативдүү жолун, Жогорку Нарын ГЭС каскаддарынын курулушун айтсак болот. 2017-жылга чейин стратегияда жазылган иш- чаралардын баары аткарылат деп ишенебиз», - дейт Д.Ниязалиева.

Билим берүү жаатында 3 жылдын ичинде 74 объект бүтүп, ишке киргендигине, 1-октябрга чейин 2014-жылы пландалган 56 объекттин 30у бүткөрүлгөндүгүнө токтолгон эл өкүлү билим берүүнү туу тутуу менен келечекте өлкөбүз өркүндөй тургандыгына бекем ишенерин баса белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×