Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 01.12.2014 15:30

Жумгал райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмү бул жылга билим берүү тармактарына 169,6 миң сом көмөк көрсөтүшкөн

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан бул жылга карата жалпы 169 миң 608 сомго, райондогу билим берүү тармактарына көмөк көрсөтүлгөн. Бул тууралуу маалыматты аталган бөлүмдүн адиси Камчыбек Жаманкулов маалымдады.

Анын айтымында, райондун Байзак айылындагы Автандил уулу Айткул атындагы балдар бакчасынын оңдоо ишине 19 миң 140 сом, Байзак айыл өкмөтүнүн китепканасынын оңдоо ишине 9 миң 140 сом, Байзак айылындагы маданият үйүнүн сахнасын оңдоого 36 миң 30 сом, Чаек айылындагы Э.Миңбаев атындагы балдар бакчасынын оңдоосуна 16 миң 26 сом, Миң-Куш айылындагы №24 кесиптик лицейинин оңдоо ишине 41 миң 160 сом, Миң-Куш айылындагы Наристе бала-бакчасынын оңдоо ишине 13 миң 392 сом, Чаек айылындагы Шабданбек уулу Алтынбек бала бакчасынын оңдоо ишине 33 миң 720 сом көмөк көрсөтүшкөн.

Бул каражаттар КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан каржыланып иштер өз убагында аткарылган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×