Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 05.12.2014 12:59

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы өздөрүнүн техникасы жок болгондуктан «ТрансАзия көмүр» ЖЧКнын техникасын пайдаланышат

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Кара-Кече аймагында иштеп жаткан «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы өздөрүнүн ээлигинде көмүр казуу жана ташуу техникасы жок болгондуктан «ТрансАзия көмүр» ЖЧКнын техникасын пайдаланышат. Мындай маалыматты аталган ишканадан кабарлашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка карасак, аталган «ТрансАзия көмүр» ЖЧКсы менен «Кыргызкөмүр» МИнин ортосунда атайын эки тараптуу келишимдер түзүлүп, анда «ТрансАзия көмүр» ЖЧКсы бардык казуу техникаларын, күйүүчү май, керектүү тетиктерин жана кызматкерлердин тамак-аш, эмгек акыларын баарын өз жоопкерчиликтерин алышкан.

Бүгүнкү күндө алганда, «ТрансАзия көмүр» ЖЧКсы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын 18,5 млн сом карызын төлөп берген. 
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×