Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 05.12.2014 14:18

Жумгал районундагы билим берүү тармагынын кызматкерлерине өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү боюнча окуусу өткөрүлдү (фото)

Turmush -  DSCF0839Нарын облусунун Жумгал районунда айыл аймактардын адистери, мектеп, бала бакча директорлору менен билим берүү мекемелеринде өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү жана кырсыкты азайтуу максатында 4 күндүк окуусу жүргүзүлдү.

Маалыматка карасак, Жумгал райондук жаштар борборунда 2014-жылдын 1-4 декабрь күндөрү райондун аймагындагы билим берүү тармагынын адистерине «Жергиликтүү деңгээлде өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү жана кырсыкты азайтуу маселелери», - деген темада 4 күндүк окуусу өткөрүлдү.

Окуунун негизги максаты мектеп администрациясынын, мугалимдердин жана окуучулардын, айыл аймактардын кызматкерлеринин өзгөчө кырдаалдарга болгон даярдыгын күчөтүү, турмуш тиричилик коопсуздугу сабагынын окутуу методдору боюнча иштелмелерди иштеп чыгуу, жарандык коргонуу мыйзамынын жана башка ченемдик-укуктук актыларынын талаптары боюнча мектеп мугалимдеринин билимин жогорулатуу жана бышыктоо болгон.

Окуу ЮНИСЕФ эл аралык уюмунун, «Модернизация жана өнүктүрүү Агенттиги» коомдук бирикмесинин көмөкчүлүгүндө КРнын ӨКМдин Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун, КР ӨКМнин Жумгал району боюнча бөлүмүнүн адистери тарабынан жүргүзүлдү.

DSCF0735DSCF0770 (1)DSCF0799
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×