Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 05.12.2014 14:45

«Кыргызкөмүр» өкмөт тарабынан пайызы жок берилген 50 млн сом ссудага техника сатып алуу үчүн тендерге иш кагаз даярдашууда, - «Кыргызкөмүр» МИ

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Кара-Кече көмүр кесиминде иш алып барып жаткан «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы өкмөт тарабынан пайызы жок 50 млн сом ссудага тахника сатып алуу үчүн тендер жарыялаганы турушат. Мындай маалыматты «Кыргызкөмүр» МИнин өкүлдөрү маалымдашты, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Ишкананын берген маалыматтарына карасак, учурда Кара-Кече көмүр кесиминде көпчүлүк техникалар ижарага алынып иштетилет. Ошондой эле көпчүлүк  техникалар жок.

«Кыргызкөмүр» МИси Жумгал районунун Чаек айылына атайын көмүр кампасын ачкан болсо, эми учурда Балыкчы шаарына 15га жер аянтына жүктөп-түшүрүүчү базасын ачуу менен элди арзан баада көмүр менен камсыз кылуу жагындагы маселелерди чечип жатат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×