Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 05.12.2014 16:20

Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылындагы жаңы курулуп жаткан 225 орундуу Тыналы мектебинин курулушу 56%га аткарылды

Turmush -  школа3Нарын облусунун Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылында жаңы курулуп жаткан 225 орундуу мектептин курулушу учурда 56%га аткарылды. Бул тууралуу мектеп директору Абдилбек Молдалиев билдирди, деп кабарлады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Анын айтымында, жалпы наркы 21 млн 400 миң сомдук долбоор өкмөттүн түрткү берүүчү гранты аркылуу курулууда. «Мектеп негизи 225 балага ылайыкташтырылган. Учурда 20дан ашык жумушчу тартылып иштеп жатышат. Ишти «Булан-Строй» ЖЧКсы колго алып жатат. Азыркы күндө курулуштун 56%дан ашыгы аткарылды. Мектептин 1-кабаты бүтүп экинчи кабатына киришкен, 2 топ иш алып барууда», - дейт А.Молдалиев.

Маалымат үчүн айта кетсек, бул мектептин эски имараты 1975-жылы курулган. ӨКМ тарабынан авариялык абалда, окуу болбойт, деген чечим чыгып, мындан улам жаңы мектеп салуу аракети башталган.  Ал эми катар жайгашкан кичи корпуска былтыркы жылы түрткү берүүчү гранттан 1 млн 800 миң сом каржыланып, оңдоодон өткөн. 
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×