Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 08.12.2014 14:15

Жумгал районунун Байзак айылындагы А.Молдокеев атындагы орто мектебине акыркы 3 жылда жалпы 14,6 млн сомдук инвестиция тартылган, - мектеп директору

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылындагы Асылбек Молдокеев атындагы орто мектебине акыркы 3 жылдан жалпы 14,6 млн сомдун инвестициясы тартылган. Мындай малыматты мектеп директору Майрамгүл Асанбаева маалымдады, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Анын маалыматында, мектепке 14,6 млн сом болгон инвестиция тартылып келинген. Акыркы 3 жылда бүтпөй калган ички тармактары, китепкана, окуу борбору, компьютердик класстар, спорт залы, ашканасы бардыгы ишке берилген.

Мектепте бир канча долбоорлордун алкагында көптөгөн маалымат борборлору, компьютердик класстар ачылган.

Учурда мектепте 1500ге жакын окуучу билим алса, 80ге жакын мугалим эмгектенип келет.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×