Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 11.12.2014 12:29

Жумгал районунун Чаек айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектебине 219 тонна көмүр түшүрүлдү

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы Отунчу Ногойбаев атындагы орто мектебинин кышкы мезгилине керектелүүчү көмүр отуну менен толук камсыз болушту. Мындай маалыматты аталган мектептин директору Сүйөркул Бөйтөев билдирди, деп кабарлайт аймактык кабарчы.
Анын айтымында, мектепке учурда жалпы 219 тонна көмүр отуну тартылган.

«Мектепке учурда жалпы 219 тонна көмүр түшүрүлүп бүттү, ал эми жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Мектептин ичи жылуу, бирок көмүр кампасыбыздын эскилиги жеткендиктен аны оңдоп түзөөдөн өткөрүп алдык», - деди С.Бөйтөев.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×