Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 11.12.2014 13:20

Жумгал районундагы кесиптик окуу жайына Россия өлкөсүнөн кездемени тигип, быча турган жабдуусу алынып келинди (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылындагы Арманбек Өмүралиев атындагы №26 Кесиптик лицейине Россия өлкөсүнөн атайын кездеме тигип жана быча турган жабдыктары алынып келинди. Бул тууралуу лицейдин директору Шаршенбек Сатыбаев билдирди, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Анын айтымында, 2014- жылдын башында Россия тарап дагы 2 кесиптин жабдууларды бере тургандыктарын убаладашкан.

«Кайсы кесипти тандайсыңар дегенде, Россия тарап газ-электр ширегич менен тикмечи-бычмачылык кесибин тандап алышкан. Алар бул жаатына керектелүүчү жабдыктарды алып келип бере тургандыктарын убадалашкан. Бүгүнкү күндө тикмечи-бычмачылык курстун жабдууларын алып келип беришти. Бирок биз жазып бергенден толук келген жок. Дагы келе турганы маалымдалды», - дейт Ш.Сатыбаев.

Ал кошумчалагандай, декабрь айынын 15нен баштап газ-электр ширегич жана тикмечи-бычмачылык курстарын толук кандуу баштайбыз, - деди ал.
лицей (2)лицей (2)лицей (3)лицей (4)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×