Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 11.12.2014 15:20

Жумгал районунда 11 айда жалпысынан 296,6 млн сом өнөр жай продукциясы өндүрүлдү, - акимдин орун басары А.Кадыров

Turmush -  
Нарын облусунун Жумгал районунда 2014-жылдын 11 айында райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү   жалпысынан 296 млн 640 миң 800 сом өнөр жай продукциясы өндүрүлүп 2013-жылдын 11 айына салыштырмалуу 143,3 пайызга көп өндүрүлгөн. Бул тууралуу маалыматты район акиминин биринчи орун басары Арстан Кадыров маалымдады, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Анын маалыматында, өндүрүлгөн өнөр жай продукциянын 94,6 пайызы көмүр өндүргөн ишканаларга таандык.

Тактап айтканда, райондун аймагындагы көмүр казуучу ишканалар тарабынан 494 миң 762,4 тонна көмүр казылып алынып, 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 158,5 пайызга көп же 182 миң 670,9 тонна көмүр казылып алынган.

 
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×