Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 11.12.2014 15:45

Жумгал районунда район экономикасынын баардык тармактарында стабилдүүлүк жана өнүгүү тенденциясы басымдуулукка ээ, - акимдин орун басары

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун быйылкы жылга карата аткарылган иш пландары жылдагыга караганда бир топ эле жогорку көрсөткүчтө, деп билдирди район акиминин биринчи орун басары Арстан Кадыров.

Анын айтымында, 2014-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен райондун экономикасынын өнүгүүсүн аныктаган баардык тармактарда стабилдүүлүк жана өнүгүү тенденциясы басымдуулукка ээ болду. Алсак, көмүр казуучу ишканалар боюнча райондун аймагындагы 14 көмүр казуучу ишканалардын ичинен былтыркы жылга салыштырмалуу пландан ашык иштер аткарылууда.

Анда, «Жумгал суу курулуш» ААК эки эсеге, «АГК-Тоо Инвест» ЖЧКсы 136,2 пайызга, «Бусурманкул-Т»ЖЧКсы үч эсеге, «Нарын көмүр»ЖЧКсы 6 эсеге, «Пандж-Шер» ЖЧКсы эки эсеге, Кара-Кече филиалы 138,7 пайызга, «Нарк тоо» ЖЧК 142 пайызга, «Ак-Жол» ЖЧК 13 эсеге аткарышты.

«Акыркы эки жылдан бери токтоп турган «Демилге»ЖЧКсы быйылкы жылдын 11 айында 4500 тонна жана жаңы ачылган «Юэнд Ми ко» ЖЧКсы 15 миң 743 тн көмүр казышып элге сатышты. Ал эми райондогу бюджеттик мекемелер толугу менен өз убагында келишимдин негизинде камсыздалышкан», - деди А.Кадыров.

63665 Ал эми төмөндөгү ишканалар өздөрүндө белгиленген план тапшырмадан чыкпай калышты. Алсак: «Шарбон» ЖАК   93,7 пайызга, «Берекет-Кен» ЖЧКсы 11,6 пайызга. Пландан чыкпай калуунун эң негизги себептери бул акча  каражаты менен өндүрүш техникаларынын жетишсиздиги болгон.

«Ошондой эле 2013-жылы иштебеген «Варгас» ишканалары бүгүнкү күндө акча каражаттары жок болгондугунан, «Центр Азия уголь» ишканасы Миң-Куш шаарчасындагы Ак-Улак айылынын тургундары менен көйгөйлөрүн чечише  албагандыктан (саясий абалга байланыштуу) иштебей токтоп турат», - деп кошумчалады ал.
1385929326_karakeche
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×