Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 11.12.2014 16:47

Жумгал районунда 11 айда соода жүгүртүү тармагы 678,2 млн сомго жеткен

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда 2014-жылдын 11 айына автотранспорт менен жүк ташуу 149,9 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырылганда өсүш темпи 1,6 пайыз, жүргүнчүлөрдү ташуу 3487,3 миң жүргүнчү өткөн жылга салыштырмалуу 1,7 пайызга өскөн. Мындай маалымат райондук администрациядан алынды, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Андагы маалыматта, курулуш иштери боюнча мекеме ишканалар тарабынан 2014-жылдын 11 айында подряддык иштердин көлөмү 62 млн 660 миң сом өткөн жылга салыштырмалуу 192 пайызга, жеке ишекрлер тарабынан 37 млн 772 миң сом салыштырмалуу эки эсеге аткарылган.

Соода жүгүртүү  678 млн 285 миң сомго жүгүртүлүп, былтыркы жылга салыштырмалу 100 пайызды түзгөн. Акы алып кызмат көрсөтүү 174 млн 673 миң  сомго аткарылып, 2013-жылдын 11 айына салыштырмалуу 100,3 пайызды түзгөн. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×