Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 12.12.2014 16:15

Жумгал районунда салыктын аткарылышы 11 айда 120,5%га жетти, - райадминистрация

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик бюджети 2014-жылдын 11-айы боюнча кирешелердин планы жалпы район боюнча такталган планга салыштырганда 120,5 пайызга акарылып, план 147 млн 569 миң 600сом болсо 177 млн 884 миң 600 сом нак түшүп жалпы 30 млн 310 миң сомго көп өндүрүлгөн.

Анын ичинен республикалык бюджет 116,6  пайызга аткарылган.

2014-жылдын 11 айына жергиликтүү бюджеттен такталган планы 27 млн 379 миң 600 сом болсо аткарылганы 37 млн 694 миң 900 сомду түзүп, аткаруу 137,7 пайызды түздү, же  10 млн 315 миң 300 сомго ашык түшкөн. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 54 млн 783 миң 100 сомго ашык план берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×