Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 12.12.2014 12:58

Жумгал районунда жыл ичинде 332 млн сомдук ички жана сырткы инвестициялар тартылып, жалпы 274 жаңы жумушчу орундары түзүлгөн

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун жол картасында айылдык деңгээлдеги аткарылуучу иш чаралардан 2014-жылга жалпы район боюнча 332 млн 44 миң сомго ички жана сырткы инвестициялар тартылган. Мындай маалымат райондун жыл жыйынтыгы менен маалымдалды, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Мунун ичинен КР Каржы Министрлиги тарабынан - 227 млн 706 миң 200 сом, айыл өкмөттөрүнүн бюджетинен жана жеке ишкерлердин эсебинен -34 млн 828 миң 800 сом, сырткы донорлордон - 69 млн 509 миң сомго инвестиция тартылып, жаңы ачылган ишканалардын эсебинен 274 жумуш орундары пайда болду.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×