Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 12.12.2014 15:47

Жумгал районунда 11 айда жол тармагында жалпы 28,5 млн сомдук оңдоп түзөө жумуштары аткарылган

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда 2014-жылдын 11 айында райондун автожолдорун оңдоп-күтүү жумуштары райондук № 24 Жолдорду тейлөө ишканасы тарабынан жалпы пайданалуудагы 516 чакырым жол тейленет.

Мунун ичинен эл аралык маанидеги 99 км, республикалык маанидеги 36 чакырым жана жергиликтүү маанидеги 381 чакырым жолдор. 

Жалпы 11 айда 28 млн 583 миң 200 сомдук оңдоп түзөө жумуштары аткарылды. Ишкананын өз күчү менен орто ремонт боюнча Түгөл-Сай-Жумгал жершиликтүү маанидеги автомобиль жолун асфальттого 8 млн 950 миң сом жумшалып, 3 чакырым жол асфальталды. 

Ушундай эле ыкма менен Жаңы-Арык, Куйручук, Чоң-Дөбө Баш-Кууганды жана Байзак айылдарынын ички жолдорун асфальттого планга коюп, 2015-жылдын республикалык бюджетен каржылоосуна аракеттер көрүлүп жатат. 
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×