Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 12.12.2014 16:28

Жумгал районунун дыйкандарына 11 айда 56,4 млн сом 10%дык үстөк менен жеңилдетилген насыялар берилген

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы дыйкандарга 11 айда жеңилдетилген 10%дык каржылоо боюнча Айыл-Банк жана РСК-Банк тарабынан жалпы 56 млн 433 миң 781 сом арзан нгасыя берилген. Бул тууралуу маалымат райондук мамлекеттик администрациясынан алынды, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Маалыматка карасак, мунун ичинен 197 адамга 27 млн 954 миң сом РСК-Банктын Чаек филиалы аркылуу 137 тургунга берилген. Ал эми 28 млн 479 миң 781 сом Айыл-Банк ААКнын Кочкор филиалынын № 048-16-22 Аманат кассасы аркылуу берилген.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×