Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 15.12.2014 08:12

Жумгал районунда 11 айда жалпы 30 даана трансформатор оңдоодон өтө турган болсо анын 21 өткөн

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда 11 айда жалпы сатылган товардык продукциянын 29 млн 938 миң 300 сому чогултулуп, жалпы сатылган товардык продукциянын 101,6 пайызын түзгөн, мунун ичинен элдики 15 млн 754 миң сом, же 122,8 пайыз, мекеме ишканалардыкы 14 млн 183 миң 500 сом, же 113,7 пайызды түздү. Мындай маалымат райондун 11 айынынын жыйынтыгы менен белгиленди, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Жоготууларды азайтуунун эфективдүү ыкмаларынын бири электр эсептегичтерди сыртка чыгаруу.  Бул 11 ай ичинде жалпы 248 абонентке эсептегичтерин сыртка чыгаруу иштери жүргүзүлүп 248 абонентке электрондук эсептегичтер орнотулган.

Жумгал РЭСи 226 трансформатордук подстанция тейлейт, мунун ичинен 20 даанасы менчик трансформаторлор 11 айга берилген план боюнча 30 даана ТП оңдоодон өтүү керек болсо, болгону 21 даана, же  70 % ТП  оңдоодон өткөн. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×