Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 15.12.2014 08:37

Жумгал районунун айрым айыл өкмөттөрүндө жайыт акы чогултулбай келет

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда 11 айда жайыт акыны чогултуу иштери 90%га аткарылды. Мындай маалыматты райондук айыл чарба департаментинин башщчысы Талантбек Молдокеев маалымдады, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Анын маалыматында, 1-декабрь 2014-жылга пландалган 3 млн 206 миң 610 сомдук жайыт акыдан, 2 млн 869 миң 670 сом чогулган, негизги пландалган 419 миң 079 сомдук жер салыгынан 270 миң 361 сом чогултулуп алынган.

Ал эми аткарылышы тиешелүү түрдө 90% түзөт. Жайыт акынын чогултулушу айыл өкмөттөрүндө 89- 91% тегерегинде болгону менен айрым жайыт комитеттеринде жер салыгынын чогулушуна маани берилбейт: 

Атап айтканда бул көрсөткүч Чаек айыл өкмөтүндө 37,9%, Байзак айыл өкмөтүндө 38,7%, Куйручук айыл өкмөтүндө 50,3% гана түзөт, - деп жазылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×