Turmush — Нарын облусунун Жумгал районунун Лама айылынын тургуну Талант Шарипканов төө куштарды багып, алардын жумурткасын сатып, киреше табат.
«Төө куштарды 4-5 жылдан бери багам. Алгач 2 баш төө кушту Африкадан алдырып келгем. Андан кийинкилерин Чүйдөн алып келип кошком. Азыр короомдо 4 баш төө куш бар.
Төө куш багуу кирешелүү бизнес экен. Балапан чыгара турган жумурткаларын 5000 сомдон сатам. Ал эми тамак-ашка колдоно турганы 3000 сомдон. Булар балапанды өздөрү басып чыгарбайт. Инкубаторго беребиз. Азыр жакшы, көнүп калышты, жер-жемиш, чөп, жем жешет», - деди ал.
Талант Шарипканов үй-бүлөлүү, 1 уул 2 кыздын атасы.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.