Turmush — Алмаз Абдылдаев Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка аким Адыбек Набиев кол койду.
Алмаз Абдылдаев буга чейин Ак-Талаанын Тоголок- Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген. Миң-Куш айыл өкмөтүнүн буга чейинки башчысы Казыбек Усупов өз каалоосу жумуштан бошотулду.