Turmush — Талас районунун Орто-Арык айылындагы 36 жаштагы Айзада Дүйшөнбекова айылындагы эң жаш баатыр эне. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, жолдошу экөө 2005-жылы баш кошкон. «Баатыр эне» орденин быйыл алды.
«Өзүм кичинемден эле көп балалуу үй-бүлөгө турмушка чыксам, көп тууганы болсо, көп бала төрөсөм деп тилек кылчумун. Жаштын тилегин берет дейт, эмне тиленсем ошонун баарына жеттим. Балдарыма дагы дайыма «көп тиленгиле, жаштын тилегин берет» деп айтам. Жолдошум экөөбүздүн жашоодон тапкан байлыгыбыз бул — балдарыбыз. Үйлүү болдук, жек-жаат күттүк, мал чарба түптөдүк. Ошол нерселердин баарына жетүүдө сабыр керек. Бир гана аялзатынын эмес, эркек адам дагы аракет кылып, эриш-аркак кетиши керек.
Бизде бир балабыз ооруса катары менен ооруп башташат. Күйөөм экөөбүз баарын кезек менен ойгонуп чогуу карайбыз. Ар бир балабызды ойлоп, бул баланын бут кийими жыртылды, бул кызыбыздын курткасы жок деп акылдашып, ырыскыбызды жеткирип, балдарды чоңойтуп жатабыз.
Ар бир баланын өзүнүн кылыгы, өзгөчөлүгү, кыялы болот. Жетөө жети башка. Асема кызымдын жаңы тили чыкан кезде ыйлап жатканда «кызым ырдап койчу» десек токтой калып «Кызыл өрүк, сүйүп калдым сени көрүп» деп ырдап жиберчү. Ырдап бүтүп кайра ыйлаганын улантчу.
Ушулардын жакшылыгын көрөлү, жакшы жашайлы деп тилек кылып, балдарыбызды багалы деп ылгабай кандай жумуш болбосун оокатыбызды кылып келе жатабыз», - деди ал.
Айзада айымдын уул-кыздары
1) Бекзат 18 жашта;
2) Асема 16 жашта;
3) Айбийке 13 жашта;
4) Ыйман 11 жашта;
5) Адеми 9 жашта;
6) Айгерим 5 жашта;
7) Айзирек 2 жашта.