Turmush — «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалында жайкы тазалоо иштери өз тартибинде жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, өкмөттүн токтомуна ылайык учурда кыртыш тазалоо иштери менен топурактан арылтуу жумуштары тынымы жок жүрүп келет.
Учурда аба ырайы жамгырлуу болуп жаткандыктан, кен кызматкерлери тоодон түшүүчү суу агымдарынын агып кетишин көзөмөлдөп, коопсуздук эрежелерин сактоодо. Мындан тышкары, кендеги унаалардын сактоочу механикалык базасын жакшыртып, заман талабына ылайык үстү жабык жайларды жасап жатышат. Кенде жылдан жылга техника көбөйгөндүгүнө байланыштуу унааларды токтотуучу жана оңдоочу жайларын куруу учур талабы болгон.
Бул жылдын эсебинен бүгүнкү күндө кенге жаңы 4 чоң экскаватор, 10 оор жүк ташыган унаасы, 1 грейдер, 1 бульдозер, 2 погрузчик келе жатат. Мындан тышкары, тендер жарыяланып, жолго суу себүүчү унаасы менен тоодон түшкөн сууларды агызуучу насостук станциясын орнотуу жабдуулары алынууда. Ошону менен бирге, кенде көмүр сорттой турган жайды куруу орун алууда.
Маалымат үчүн айтсак, быйылкы жылга 1 млн 150 миң тонна көмүр планга коюлду. Ал ушул жылы 3 участкадан казылып алынат. Көмүр кесими жыл сайын берилген пландан ашык көмүр казып келишет.