Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чолпон-Ата шаарынын 38 жаштагы тургуну Нурсел Койгелдиева. Учурда ал АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарына караштуу Силикон өрөөнүндө күн кечирүүдө. Ал ишкер, ресторан бизнеси менен алектенет.
Нурсел Койгелдиева С.М.Киров атындагы мектепте билим алган. 2007-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык институтунда окуган.
Америкага кантип барып калдыңыз?
2011-жылы Америка Кошмо Штаттарына өз кыялымдын артынан жол тарттым. Биздин үйдө көп ыктыярчылар жашачу. Алар менен чогуу майрамдарды өткөрүп, алардын тамак-аштарын даярдап, маданиятын күнүмдүк жашоодо көрүп-билип чоңойдум. Ошол учурлар менин дүйнөгө болгон көз карашымды кеңейтип, Америкага болгон кызыгуумду ого бетер күчөткөн.
Ал убакта болочок жолдошум Америкага мурдараак кеткен, мен бир аз убакыттан кийин анын артынан бардым. Бирок бул чечимдин артында жөн гана жол артынан баруу эмес, өз көзүм менен көрүп, сезип, ошол жашоону баштан өткөрүүгө болгон терең кыял жатты. Жаңы дүйнөнү таанып, тажрыйба топтоп, өзүмдү табууну кааладым.
Жашап жаткан жериңиз тууралуу айтып берсеңиз?
Алгач Лос-Анжелес шаарында, кийин Сан-Франциского көчүп келдик. Азыр ушул жерде жашайм. Сан-Франциско жана Силикон өрөөнү дүйнөгө белгилүү IT-технологиялардын жүрөгү деп эсептелет. Бул аймакта глобалдык деңгээлдеги ири компаниялар жайгашкан. Алардын катарында Apple, Google, Meta (Facebook), Microsoft, Tesla, Netflix, Adobe, Intel сыяктуу дүйнөгө таанымал корпорациялар бар.
Бул жер — инновация, идея жана өнүгүү менен жашаган аймак. Бул жакта эмгекчил, изденген жана максат койгон адам үчүн мүмкүнчүлүктөр арбын. Улутуң же кайсы өлкөдөн экениң маанилүү эмес: билимиңе, эмгегиңе жана аракетине баа берилет. Ошондуктан Сан-Франциско көптөр үчүн кыялдар ишке ашкан шаар болуп эсептелет.
Америка — мүмкүнчүлүктөргө бай өлкө. Бул жерде жашоо ыңгайлуу, система так иштейт, ар ким өз жашоосу үчүн жоопкер. Адамдар өзүнө ыңгайлуу, тынч жана коопсуз жашоону баалашат. Пафоско эмес, жайлуулукка жана ички комфортко көбүрөөк маани беришет.
Элдери кандай мамиле кылышат?
Менин америкалыктар менен болгон тажрыйбам абдан жакшы. Алар достук мамиледе, жардам берүүгө даяр. Эгер сен жол сурасаң же бир нерсени түшүнбөй калсаң, түшүндүрүп берүүгө аракет кылышат. Тилди туура эмес айтсаң да, алгач сени түшүнүүгө умтулушат, эч качан басынтышпайт же шылдыңдашпайт. Бул жерде адамдардын бири-бирин соттобой, урмат-сый менен мамиле кылганын баалайм.
Кыргызстандан кандай айырмасы бар?
Бул эки өлкөнү салыштыруу кыйын, анткени менталитет таптакыр башка. Бул жакта адамдар көбүнчө өздөрү үчүн жашашат, жеке чек араларын сакташат. Мага өзгөчө жакканы — кызмат көрсөтүү тармагындагы адамдарга болгон сый-урмат. Кандай гана жумуш болбосун, адамды биринчи кезекте адам катары көрүшөт: чаевые калтырышат, өздөрүнөн кийин тазалап кетишет. Бул — маданияттын бир бөлүгү.
Америкага жаңы келгенде мени эң көп таң калтырганы — шаарлардын көбү бир кабаттуу экени болду. Биз Голливуд тасмаларынан бийик асман тиреген имараттарды көрүп чоңойгонбуз, ал эми чындыгында көп үйлөр эски, шыптары төмөн, бөлмөлөрдө жалпы жарык жок болгон.
Ошондой эле ресторандарда кооздук же пафоско эмес, жөнөкөйлүккө жана уютка басым жасалат. Эски эмеректер менен эле адамдар кезекке туруп кирген жерлерди көрүп таң калгам. Бул жакта адамдар тарыхы бар, атмосферасы бар жерлерди баалашат жана жылдар бою ошол эле жайга барып жүрө беришет.
Америкада кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?
Мен кыргыз аялдарынын ичинен алгачкылардан болуп Сан-Франциско шаарында кыргыз улуттук ашканасын ачкан ишкер айымдардын биримин. Учурда менин эки локациям бар: бири Сан-Францискодо, негизги рестораным Сан-Карлос шаарында жайгашкан.
Мен үчүн эң чоң жетишкендик — балдарым ким экенин унутпай, кыргыз экенине сыймыктанып өсүп жатышат.
Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?
Менин ата-энем — Койгелдиев Карыпбек жана Жунусова Жаңыл. Биз үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз — эки уул, эки кыз, мен экинчисимин. Ата-энем жана туугандарым туулуп-өскөн жерим Чолпон-Ата шаарында жашашат. Улуу эжем учурда Америкада күн кечирүүдө.
Мен өзүм үч баланын энесимин — улуу уулум 11 жашта, ортоңку кызым 9 жашта, кичүү кызым 3,5 жашта. Акыркы эки жылдан бери балдарымды өз алдынча тарбиялап, камсыздап келем, анткени жолдошум менен ажырашканбыз.
Башында кандай кыйынчылыктар болду?
Чет өлкөгө жаңы келгенде баары таптакыр башкача эле. Тилди жетиштүү билбегендиктен, ар бир кадам кыйын сезилчү. Алгач адаптация мезгили өтө оор болду. Ошол жылдары ар кандай жумуштарда эмгектендим — мейманканаларда тазалык иштерин жасадым, улгайган адамдарды карадым, үй кызматчысы, бала багуучу болуп иштедим. Бул жумуштар жеңил болгон жок, бирок мени күчтүү кылды.
Чет өлкөдө туугандардан алыс жүрүп, кийинчерээк бир убакта бизнес жүргүзүп, жалгыз эне болуу да чоң сыноо болду. Ошентсе да мен эч качан духумду түшүргөн жокмун, анткени акча эмгек менен табылса уят эмес. Чынчыл эмгек мага таяныч болуп, бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берди.
Эмне үчүн Сан-Францискону тандадыңыз?
Сан-Франциского алгач келгенде менде өзгөчө бир сезим пайда болду — өзүмдү үйүмө келгендей сездим. Көп жылдар бою мекенимде болбой жүрүп, дал ушул жерде биринчи жолу ички тынчтыкты тапкандай болдум. Бул шаардын деңиз жээги, абасы, табияты мага туулуп-өскөн Ысык-Көлдү эске салат. Сөз менен жеткире алгыс, бирок жүрөк менен сезилген бир жакындык бар.
Бул жердин дагы бир өзгөчөлүгү — ар улуттан, ар маданияттан келген адамдардын гармониялуу жашоосу, табият менен шаардын тең салмактуулугу, жумшак аба ырайы. Мындан тышкары, биз Тахо көлүнө кышы-жайы барып турабыз. Анын пейзажы да Ысык-Көлгө абдан окшош. Ушул факторлордун баары мен үчүн Сан-Францискону чыныгы үйгө айлантты.
Мекениңиз тууралуу эмне айтасыз?
Менин мекеним — Кыргызстан. Кайсы жерде болбоюн, жүрөгүм дайыма ошол жерде. Мен кайдан экениме, улутума жана эгемендүү мамлекетим бар экенине сыймыктанам. Эл-жерим, элимдин мүнөзү, маданияты — баары мен үчүн чоң байлык.
Мен кыргыз кызы болгонума сыймыктанам. Керек учурда жумшак жана сабырдуу, керек учурда кайраттуу жана күчтүү боло алган мүнөз — бул биздин улутка таандык өзгөчөлүк деп билем. Чет өлкөдө жашап жүрүп, мекенимди унутпай, аны даңазалоо мен үчүн чоң жоопкерчилик жана сыймык.
Мен Кыргызстаныбыздын жакынкы келечекте өнүккөн, алдыга умтулган, күчтүү мамлекеттердин катарына кошуларына ишенем.
АКШда кыргыздар көппү?
Сан-Францискодо кыргыздар Чикаго жана АКШнын башка айрым шаарларына салыштырмалуу көп эмес, анткени бул аймакта жашоо кымбат. Ошого карабастан, кыргыздар менен жылына эки жолу — Нооруз майрамында жана айрым коомдук жолугушууларда көрүшүп турабыз.
Ошондой эле кыргыздар бизге тамактанганы келип турушат, ошондуктан бири-бирибизди көрүп, саламдашып калабыз. Бирок бул жакта көпчүлүк өз алдынча жашоону жана чакан чөйрөдө баарлашууну туура көрүшөт.
Бош убактыңызда эмне кыласыз?
Бош убактымды негизинен балдарыма арнайм. Ошондой эле тамак жасоону, жаратылышта эс алууну жана тынчтыкта ойлонуп отурганды жакшы көрөм.
Келечекте максаттарыңыз кандай?
Келечекте өсүүнү, кеңейүүнү жана токтоп калбоону каалайм. Мен ар дайым аракет кылып, алдыга умтулам, калганы — Кудайдын колунда. Өз ишимде да, жашоодо да токтоп калбай, өнүгүүнү улантуу — менин башкы максатым.