Turmush — Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну Жылдыз Тежибаева 29 жылдан бери тез жардам кызматында эмгектенип келе жатат. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде тез жардам бөлүмүндөгү күн-түн дебеген иш, адам өмүрү менен тикелей байланышкан чечимдер жана эстен кетпес чакыруулар тууралуу айтып берди.
Каарманыбыз кесибинин оордугун да, жоопкерчилигин да терең сезген тажрыйбалуу адис. Ал 1977-жылы Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандан кийин 1994-жылы медициналык билим алууга кирип, 1997-жылы дарылоо иши адистиги боюнча окуусун ийгиликтүү аяктаган.
Ошол жылдан тартып Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын тез жардам бөлүмүндө эмгектенип келет. 2015-жылдан бери улук фельдшер кызматын аркалап, бүгүнкү күндө жалпы 29 жылдык эмгек тажрыйбага ээ.
Тез жардам кызматы — бул ар дайым даярдыкта болууну, ыкчам чечим кабыл алууну, чыдамкайлыкты жана адамгерчиликти талап кылган тармак. Жылдыз айымдын айтымында, бул кесипте бир күн да окшош болбойт.
Ойдон кетпеген каргашалуу жол кырсыгы
Жай мезгили болчу, майрам күндөрдүн бири эле. Так кайсы майрам экени эсимде калган жок. Бул окуя болгонуна он жылдан ашык убакыт өттү. Ак-Кыя участкасында жол кырсыгы болду деген чакыруу түшкөн. Барганыбызда унаа жолдон чыгып кетип, катуу жабыркаган экен. Унаанын ичинде жаш адамдар болгон. Тилекке каршы, алардын айрымдары ошол жерден эле көз жумган. 2 кыз аянычтуу каза болгон, ал эми 2 баланын эч жери эч нерсе болгон эмес.
Кездеме кандай айрылса, адамдын дагы денеси айрыларын бининчи көргөм. Ошол жол кырсык азыркыга чейин көз алдымда. Чачтары ар кайсы жерде, колдору ар кайсы жерге ыргып кеткен, алардын денеси кырсыкка кабылган унаадан 4,5 метр алыстыкка ыргып, анан бөлүнүп калган. Ат кулак деген жалбырак өсөт эле. Жолдун боюнда эл көрбөсүн деп денелерди ат кулак менен жашырып койгонбуз. Беттери такыр билинбей калган. Колдору, жамбаштары айрылып, үзүлүп кеткен. 2 кыз тең ошол абалда каза болгон. Жаш эле кыздар болчу. Кийин милиция кызматкерлери өздүгүн такташкан.
Бул окуя мен үчүн өтө оор болду. Анткени адамдын өмүрү ушунчалык көз ирмемде үзүлүп кетерин, жол кырсыгы канчалык коркунучтуу экенин ошол күнү дагы бир жолу терең сездим. Жабыркагандарды элдин көзүнөн калкалап, тиешелүү кызматтар келгенге чейин өз милдетибизди аткардык. Мындай учурлар тез жардам кызматкеринин эсинен эч качан кетпейт.
Ал эми аман калган эки баланын белдери ооруп, абалы текшерилди, бирок сынган жерлери болгон жок. Ошондо адам тагдыры кандай арсар экенин, бир унаанын ичинде отуруп эле бири аман, бири кайтыш болушу мүмкүн экенин дагы бир ирет түшүндүм.
Жолдон жана үйдөн кабыл алынган төрөттөр
Тез жардам кызматында иштеп жүрүп, миңдеген чакырууларга бардык. Алардын арасында төрөт менен байланышкан учурлар өзгөчө эсте калат. Ушуга чейин болжол менен жети жолу төрөт кабыл алдым. Айрымдарын үйдөн, айрымдарын жолдон кабыл алган учурлар болду.
Бир жолу аялды төрөт үйүнө жеткиребиз деп келе жаттык. Үйүнөн төрөтөлү десек, «ооруканага жетем» деп болбой койгон. Бирок жолдо толгоосу күчөп, чыдабай калды. Облустук администрациянын маңдайына жеткенде айдоочуга токтотууну айттым. Аялдын жанында апасы бар эле. Ошол жерден бардык медициналык эрежелерди сактоо менен төрөт кабыл ала баштадым. Биз токтоп калганыбызды көрүп, сырттагы адамдар да таң калып карап турушту. Айдоочу сыртка чыгып, «алысыраак тургула, бул жерде аял төрөп жатат» деп түшүндүрдү. Ошентип, ымыркайды аман-эсен жарык дүйнөгө алып келип, энеси менен бирге ооруканага жеткирдик. Мындай учурлар канчалык оор болсо да, эң кубанычтуу көз ирмемдердин бири болуп калат.
Ар кандай себеп менен чакырышат
Тез жардамды кээде жөнөкөй эле себептер менен да чакырышат. Айрымдар үй-бүлөлүк уруштан кийин нерви бузулуп, маанайы начар болгондо же башы ооруп калды деп кайрылышат. Андан сырткары зордук-зомбулук фактылары да көп катталат. Күйөөсү аялын сабаса, ата-эне баласына кол көтөрсө же кошуналар ортосунда жаңжал чыкса — мунун баары биздин ишибизге кирет.
Мындай учурлардын бардыгы атайын журналга катталып, мыйзам чегинде тиешелүү органдарга билдирилет. Өзүнө-өзү кол салууга аракет кылгандар, муунуп калган адамдар да болот. Андай учурларда милиция кызматкерлерине өткөрүп бермейинче кетпейбиз.
Тез жардам бөлүмүнүн негизги милдети — тирүү адамдарга жардам көрсөтүү. Эгер биз барган учурда адам көз жумуп калган болсо, сөзсүз түрдө милиция кызматкерлерине кабар берип, алардын колуна өткөрүп беребиз. Жол кырсыктарында да ушул тартип сакталат.
Акыркы мезгилдеги оор чакыруулар
Акыркы айларда айрыкча оор илдеттерден, анын ичинде онкологиялык оорулардан улам каза болгондор көбөйдү. Кээде «абалы оор» деп чакырышат, барсак адам мурун эле көз жумуп калган болот. Бирок жакындары ошентсе да тез жардам чакырышат. Себеби адам өз жакынын жоготкусу келбейт. Балким дарыгерлер келип, башкача айтар, же дагы бир үмүт бар деп ойлошот. Бул — адамдык сезим. Биз да аларды түшүнүүгө аракет кылабыз.