Turmush — Кечээ, 15-мартта Сокулук районуна караштуу Сары-Өзөн айыл аймагындагы мал базарда 1 жашка чыга элек козу кочкор 400 миң сомго сатылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү фермер Касеин Төлөнов билдирди.
«Негизи сатып алып жаткан киши 400 миң сомго бербей жаткан. Ал 500 миң сом деп чыгарыптыр. Акыры 400 миң сомдон бир аз жогору баага сатылды. 400 миң сом экенин даана уктум, калган сандарын жакшы укпай калдым. Бул арашан кочкордун линиясын да сураган жокмун. 2 кишинин жүргүзүп жаткан бул соодасына мен өтүп бара жатып эле күбө болуп, видеого тартып алгам. Ошол эле күнү дагы бир арашан кочкор базардан 250 миң сомго сатылды», - деди ал.
Соодагерлердин айтымында, базарда чарба койлор 14 миң сомдон 30 миң сомго чейин болсо, арашан породасындагы койлор 50 миң сомдон жогору сатылды.