Turmush — Өзбекстандын Бухара шаарында өткөн шахмат боюнча өспүрүм кыздар арасындагы эл аралык мелдеште Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну Нурэлина Турсуналиева 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Turmush басылмасына машыктыруучу Самат Деркембаев билдирди.
Анын айтымында, аталган мелдешке Ысык-Көл облусунан 5 шахматчы кыз катышты.
«Бул мелдеш 9-16-март күндөрү өтүп, деңгээли жогорку турнирлердин бири болуп саналат. Ага 13 мамлекеттен эң күчтүү спортчулар катышты. Нурэлина 62 спортчунун ичинен 3-орунду багынтып, акчалай сыйлык менен сыйланды», - дейт Деркембаев.
Нурэлина Турсуналиева 7 жашынан бери шахмат менен машыгып келет. Ал шахмат боюнча Кыргызстандын 6 жолку чемпиону. Учурда Ак-Суу районунун Ак-Суу айылындагы М.Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясында 8-класста окуп жатат.