Turmush — Өзбекдын Сох районунда Нооруз майрамы белгиленип, ага Баткен районунун жетекчилиги баштаган делегация катышты. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, аларды Сох районунун акими жана жергиликтүү тургундар тосуп алды. Майрамдын алкагында улуттук көргөзмөлөр уюштурулуп, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде даярдалган театрлаштырылган көрүнүштөр тартууланды. Иш-чаранын жүрүшүндө Сох районунун борбордук стадионунун аймагына мөмөлүү көчөт отургузулду.
Нооруз майрамы концерттик программа менен коштолуп, улуттук ыр-бийлер жаңырып, элге майрамдык маанай тартуулады.