Turmush —
Ат-Башы районунда тамак-аш коопсуздугун көзөмөлдөгөн лаборатория иштеп жатат. Бул тууралуу райондук ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгынын башчысы Төрөгелди Тынымсеитов билдирди.
Маалыматка караганда, лабораторияда базарларда сатылып жаткан жер-жемиштер текшерилип, алардын сапаты боюнча тиешелүү тастыктама (справка) берилет.
«Учурда жаңы жана базардагы бардык жер-жемиштер лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп, коопсуздугу боюнча жыйынтык чыгарылууда», - деди ал.
Мындан тышкары, райондо балык чарбалары да көзөмөлгө алынган. Адистер балыктын кандай азык менен багылып жатканын текшерип, зарыл учурда үлгүлөрдү республикалык лабораторияга жөнөтүшөт.
«Балыктын азыгы да, өзү да кошо текшерүүгө жөнөтүлөт. Бул анын адам саламаттыгына зыяны жок экенин аныктоо үчүн жүргүзүлөт», - деди Тынымсеитов.
Анын кошумчалашынча, жаз айларында балык чарбаларынан алынган продукциялар ашканаларда жана башка коомдук тамактануу жайларында колдонулуп баштайт. Ушуга байланыштуу алдын алуу жана көзөмөлдөө иштери күчөтүлгөн.
Учурда Ат-Башы районунда расмий каттоодон өткөн 4 балык чарбасы бар.