Turmush — Эртең, 21-мартта Нооруз майрамына карата Ат-Башы районунда майрамдык саамалык уюштурулат. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирди.
Маалыматка караганда, райондун борбордук аянтында келген меймандарга сахналаштырылган көрүнүш тартууланып, салтанат ар кандай оюн-зоок программалары менен коштолот. Аны менен катар эле кол күрөш, аркан тартыш, күрөш сыяктуу улуттук оюндар уюштурулат. 2 казан сүмөлөк кайнатылып, элге таратылат. Мындай майрамдык иш-чаралар ар бир айыл өкмөттөрдө, айылдарда да өткөрүлөт.
Майрамдын алкагында улуттук каада-салттарды чагылдырган концерттик программа тартууланат.