Turmush — Ош шаарында президент Садыр Жапаровдун атынан төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө үч бөлмөлүү батир белекке берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, батирдин ачкычын тапшыруу аземине Ош шаарынын жана Ош облусунун жетекчилиги катышты. Батирде бардык шарттар, анын ичинде балдарга керек болгон керебеттер, коляскалар да бар.
Turmush бүгүн, 23-мартта Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында жарыкка келген төрт эм үйүнө чыгарылганын жазган.
Төрт эмдин үй-бүлөсүнө президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн 100 миң сом, андан сырткары Араван районунун администрациясы тарабынан 100 миң сом тапшырылды. Мындан тышкары Дөбө-Коргон айыл өкмөтү тарабынан төрт эмге коляска берилди.
Ымыркайларга Сабия, Юсуф, Афруза жана Рабия ысымдары ыйгарылды. Алар 26 жаштагы Дилшода Артыкова менен жолдошу Жасур Садыковдун алгачкы балдарды.
Үй-бүлө башчысы — 1993-жылы туулган Жасур Садыков Россияда эмгек миграцияда болуп, кичи мекенине кайтып келген. Учурда убактылуу иштебейт. Үй-бүлө Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагына караштуу Бостон айылында жашайт.
2026-жылдын 12-мартында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында операция жолу (кесарево) менен төрт эм төрөлгөн.
Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну кош бойлуулуктун 32-жумасында эрте төрөт коркунучу менен келип түшкөн. Бул анын биринчи төрөтү. Ымыркайлардын салмагы: кыз — 1 кг 830 грамм, уул — 1 кг 815 грамм, кыз — 1 кг 520 грамм, кыз — 1 кг 500 грамм.