Turmush — Кечээ, 23-мартта Москва районуна караштуу Садовое айылындагы унаа кырсыктан жаш кыз каза болду. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ саат 17:47 чамасында Бишкек—Кара-Балта унаа жолунда жөө өтмөктөн өспүрүм кыз жүк ташуучу унаанын алдында калып калган.
Алдын ала маалыматтар боюнча өспүрүм кыз ошол жерден жан берген.
Кийинчерээк Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, кырсык 2026-жылы 23-март күнү болжол менен саат 17:53 чамаларында Москва районун Садовое айылында болгон. «Хендай-Портер» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу — 2001-жылы туулган К.Д.А. Бишкек—Ош унаа жолунун 33-чакырымынан күн чыгыштан күн батышты көздөй бара жатып, жөө жүргүнчү — 2016-жылы туулган Б.М.Х. жөө өтмөктөн чуркап өтүп жатканда сүзүп алган.
Кырсыктын кессепетинен жөө жүргүнчү башынан жаракат алып, аймактык ооруканага түшкөн. Ал алган жаракаттан улам өзүнө келбей көз жумду.