Turmush — Нуртилек Орозбаев Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан кетти.
Turmush басылмасына маалым болгондой, Орозбаев өз каалоосу менен кызматынан бошотуу тууралуу арыз жазган.
Кара-Көл шаары облустук маанидеги шаар болуп саналат. Мэрге байланыштуу кадрдык чечимдер президент тарабынан кабыл алынат. Президент Н.Орозбаевди кызматтан бошотуу тууралуу тескемеге кол коюп же койбогону азырынча белгисиз.
Бүгүн, 26-мартта Кара-Көл шаардык мэриясында Нуртилек Орозбаевди узатышты. Ага чепкен жабылып, ак калпак кийгизилди.
2024-жылдын 26-августунда Орозбаев Нуртилек Орозбаевич Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалганы белгилүү болгон. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Н.Орозбаевге чейин мэрлик кызматты Таалайбек Конкобаев аркалап жаткан.