Turmush —
Лейлек районунун Көк-Таш айылындагы мектепти 20 жыл мурда аяктагандар каражат топтоп, айылдагы 3 чакырымга жакын эгин талаа жолдорун кеңейтип беришти. Бул тууралуу Сумбула айылдык кеңешинин төрагасы Калыкул Кенжебаев билдирди.
Анын айтымында, бул жол жергиликтүү элдин жайлоо жана эгин талааларына каттаган негизги жол.
«Акыркы учурларда аталган жолдон каттоо кыйынчылык жаратып, оңдоого муктаждык бар эле. Көк-Таш айылынын мектебинин 20 жылдык юбилей ээлери жолду оңдоп, дыйкандардын жана малчылардын жумушун жеңилдетти. Жол оңдоого тиешелүү жергиликтүү мекеме ишканалар тарабынан дагы чоң жардам болду», - деди ал.