Turmush — Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында жол кырсыгы катталды, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 28-мартында болжол менен саат 20:56 чамасында Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 138-чакырымында жол кырсыгы болгон.
Анда 1989-жылы туулган Ж.А.Б. «Тойота Альфард» үлгүсүндөгү автоунаа менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада ал каршы тилкеде келе жаткан — 1977-жылы туулган Д. уулу Т. башкарган «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан.
Жол кырсыгынын кесепетинен «Дэу Матиз» автоунаасынын айдоочусу Д. уулу Т. ар кандай жаракаттарды алып, Баткен облустук ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылды.