Turmush — Ат-Башылык окуучу республикалык олимпиадада 1-орунду ээледи.
Республикалык предметтик олимпиадада Ат-Башы районунун Кара-Суу айылындагы Карыбек Карпеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу Качкынова Мария кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча 1-орунду алды.
Окуучуну олимпиадага Эсеналиева Асылкүл Табылдиевна даярдаган.
Мектептин директору Рамис Абдырашитовдун айтымында, аталган олимпиадада:
Ат-Башы району — кыргыз тили боюнча 1-орун,
Кочкор району — орус тили боюнча 2-орун,
Ак-Талаа району — кыргыз тили боюнча 3-орун,
Түрк лицейи — информатика боюнча 3-орунду камсыз кылды.