Turmush — Нарын шаарында катталган жол кырсыктан жабыркаган эки жарандын өздүгү такталды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 29-март күнү саат 18:50 чамасында Нарын шаарынын 64 аймагынан «Митсубиси» үлгүсүндөгү автоунаа эки жаранды сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты ошол эле күнү Нарын ШИИБ тарабынан катталып, териштирүү иштери башталган.
Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу аныктагандай, Нарын шаарынын Шералиев көчөсүндө жайгашкан «Бишкек Петролиум» май куюучу жайынын маңдайында, чыгыштан батышты карай жайгашкан автоунаа жолунда «Митсубиси Лансер» үлгүсүндөгү автоунаа эки жаранды сүзүп токтогон.
Жабырлануучулардын өздүгү такталып, алар Нарын шаарынын тургундары — 1970-жылы туулган К.С. жана анын жубайы — 1974-жылы туулган Г.А. экендиги аныкталган. Экөө тең тез жардам кызматы аркылуу Нарын облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Ал эми автоунаанын айдоочусу — Нарын шаарынын 2003-жылы туулган тургуну Н.Д. Нарын облустук ооруканасынын наркология бөлүмүндө текшерүүдөн өтүп, спирттик ичимдик колдонбогону аныкталган.
Айдоочунун көрсөтмөсүнө ылайык, ал унаасы менен Шералиев көчөсү аркылуу бара жатып, жолдо токтоп турган «КИА» үлгүсүндөгү автоунаадан озуп өтүүгө аракет кылган учурда каршы тилкеге чыгып, кырдаалды көзөмөлдөй албай жөө бара жаткан эки жаранды сүзүп алган.
Учурда жабырлануучулардын алган жаракаттарынын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Айдоочу Н.Д. аскер кызматкери болгондуктан топтолгон материалдар Балыкчы гарнизондук аскер прокуратурасына жөнөтүлдү.
Буга чейин Turmush Нарын шаарында эки адамды унаа сүзүп кеткенин жазган.
Кырсык болгон учур видеокамерага түшүп калган. Видеодон унаа катуу ылдамдыкта келе жатканын көрүүгө болот. Айдоочу озуп өтүүгө аракет кылып жатып, адамдарды сүзүп кеткен.
Эскертүү: сезимталдарга көрүү сунушталбайт!