Turmush — Кыргызстандын Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун ортосунда кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, документ соода-экономикалык, илимий-техникалык, социалдык, маданий жана гуманитардык тармактарды камтыйт.
Фергана облусу менен Баткен облусунун Баткен, Кадамжай райондору жана Кызыл-Кыя шаарынын ортосунда өз ара кызматташуу тууралуу макулдашууларга ылайык, тараптар кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө, ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, айыл чарба тармагында кызматташуу, тажрыйба алмашуу, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле билим берүү жана туризм тармактарында кызматташат.
Документтерге облус башчысынын орун басары Жаныбек Исаков, Өзбекстандын Фергана облусунун башчысынын орун басары Хуршед Ахмедов, Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Алимбек Матмуратов, Кадамжай районунун акиминин орун басары Мирлан Айтматов жана Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Иляз Бабаев кол коюшту.
Бул иш аракет, Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери кол койгон эки тараптуу келишимдерге жана жол картага ылайык ишке ашууда.