Turmush — Ат-Башы районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын жакшыртуу максатында «социалдык келишим» долбоору жигердүү ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Гүлзат Абылова билдирди.
Министрлер кабинетинин №385 токтомуна ылайык, буга чейин берилип келген 100 миң сомдук кайтарымсыз жардам 2025-жылдан тарта 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн.
«Быйыл Ат-Башы районуна жалпы 172 квота бөлүндү. Учурда жер-жерлерде түшүндүрүү иштери кызуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата 33 үй-бүлө бул каражат менен камсыз болду», — деди ал.
Башкармалыктын жетекчиси белгилегендей, долбоордун негизги максаты — жарандарды «жөлөк пул алсам эле иштебей эле коёюн» деген түшүнүктөн арылтып, өз алдынча киреше табууга үндөө.
Анын айтымында, райондо бул багытта ийгиликтүү мисалдар да бар.
«Буга чейин 100 миң сом алып, ишин миллиондук кирешеге жеткирген 3 үй-бүлө бар. Алар кондитердик цех ачып, кийин өз алдынча кафе иштетүүгө чейин жетишти», — деди ал.
Ат-Башы мал чарбачылыгы өнүккөн район болгондуктан, көпчүлүк үй-бүлөлөр социалдык келишим аркылуу алынган каражатты мал чарбачылыгына багыттап жатышат.
Мындан тышкары, райондо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жана жалгыз бой кары-картаңдарды колдоо иштери да үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Учурда Ат-Башы районунда жалпы 2730 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран каттоодо турат. Анын ичинен 1451и Соцфонд аркылуу, 1279у социалдык жөлөк пул аркылуу камсыздалат.
Ошондой эле 147 жаранга жеке ассистенттер кызмат көрсөтүп келет.
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар 5 жылда бир жолу санатордук-курорттук дарыланууга жолдомо алып, муктаждыгына жараша майыптар арабасы менен камсыз болушат. Бул иштер атайын электрондук кезек жана билдирме системасы аркылуу жүргүзүлөт.