Turmush — Тажимырзаев Эдилбек Садырбекович Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп дайындалды. Ал бүгүн, 1-апрелде эмгек жамаатка тааныштырылды.
Буга чейин аталган кызматта Нуртилек Орозбаев иштеп жаткан. Ал өзү жазган арыздын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.
Эдилбек Тажимырзаев 1985-жылы 14-июнда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Жол айылында туулган.
Билими:
- 2005-2010-жылдары — Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамиле жана мамлекеттик кызмат факультети.
Эмгек жолу:
04.07.2022 - 16.07.2025— Кара-Көл шаарынын мэриясы, мэрдин биринчи орун басары;
- 24.02.2015 - 04.07.2022 — Таш-Көмүр шаардык кеңеши, жооптуу катчы-аппарат жетекчи;
- 15.07.2013 - 03.10.2014 — Таш-Көмүр шаардык мэриясы, инвестиция тартуу боюнча сектор башчысы;
- 01.04.12.2011 - 15.07.10.2013 — Таш-Көмүр шаардык мэриясы, экономика боюнча жетектөөчү адис.
Кошумча билим:
- КРПаБА «Мамлекеттик кызматка биринчи жолу киргендер үчүн адистигин жогорулатуу» курсу;
- КРнын экономикалык тескөө министрлиги, Дүйнөлүк банктын Экономикалык башкаруу чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрдү өстүрүү долбоору, «Экономикалык болжолдоо жаатындагы адистердин мүмүнчүлүктөрүн жогорулатуу» окутуу семинары;
- Bishkek Business School «Тайм менеджмент» тренинги;
- КРнын Кадр кызматы. Улуттук тил комиссиясы «Улантуучу топтор үчүн кыргыз тили боюнча» окутуу курсу;
- «Шаарлардын депутат, вице-мэр, аппарат жетекчилеринин квалификациясы жогорулатуу» курсу;
- Казакстан Республикасы, Алматы шаары. Алматы акимчилиги «Тажрыйба алмашуу» иш сапары.
Класстык чендери жана наамдары:
- муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Алган сыйлыктары:
- Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жана Таш-Көмүр шаардык кеңешинин ардак грамотасы (2013-ж);
- өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамотасы (22.10.2015-ж);
- КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын ардак грамотасы (27.10.2016-ж);
- «КРнын муниципалдык кызматынын отличниги» төш белгиси (23.08.2021-ж);
- КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардак грамотасы (20.06.2023-ж.);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ардак грамотасы (28.06.2024-ж.).
----------------------------------------------------------------
Кара-Көл — гидрокуруучулардын жана энергетиктердин шаары. Шаар 1962-жылы 16-июнда кыштак катары түзүлгөн. Кыргыз ССРнин Жогорку советинин президиумунун 1977-жылдын 7-январындагы жарлыгы менен облуска баш ийген шаар болуп кайра түзүлгөн.
Шаардын аймагында Токтогул ГЭС каскады, «Достук заводу» ачык акционердик коому сыяктуу ири ишканалар жайгашкан. Ошондой эле университет, техникум, оорукана, мектептер, кафелер, дарыканалар жана башкалар бар.
Акыркы маалымат боюнча, Кара-Көл шаарынын калкынын саны 28 101 адамды (2024-жылга карата 27 823 адамды түзгөн) түзөт.