Turmush — Кечээ, 3-апрелде Кара-Суу районунда прокуратуранын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, жаңы салынган 2 кабаттуу имараттын ачылыш аземине облус жетекчилиги, башкы прокурор Максат Асаналиев, ардагерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы сметалык баасы 37 млн сомду түзөт.