Turmush — Адилбек Гыязов ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
Маалым болгондой, анын бул кызматка дайындалышы боюнча буйрукка өзгөчө кырдаалдар министри К.Чыныбаев кол койду.
Адилбек Гыязов 1983-жылы 30-сентябрда Баткен районундагы Бужум айылында туулган. Билими – жогорку. Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.
Эмгек жолун 2011-жылы ӨКМдин Баткен облусундагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттигинде инспектор болуудан баштаган.
- 2015-жылы КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Баткен шаары жана Баткен району боюнча бөлүмүнүн башчысы;
- 2020-жылдан тарта ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын Жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы, башкармалыктын башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.