Turmush — Жумгал районунун Беш-Терек айылындагы боз талааны көккө айландырган Каныбек Боталиев учурда өрүк менен шабдалыдан түшүм алууда. Ал 2 га жерге өрүк, шабдалыдан тышкары арбуз, коон, малина, кулпунайга чейин отургузган.
Багбандын айтымында, бул жай атасы Майрамбек Боталиевден калган.
«2019-жылы 2 га жерди тосуп, алма, өрүк, кокон гилас, шабдалы отургузганбыз. Бардыгы 1 миң түптөн ашык. Былтыртан баштап өрүктөр түйө баштады. Быйыл өрүктөн түшүм алдык. Алма-алмуруттар түйүп жатат. Быйыл төртүнчү жай. Бул жерге буга чейин суу келген эмес. Ыраматылык атам Майрамбек Боталиев 2001-жылдары 3 чакырым алыстыктагы булак суусун алып келиш үчүн арык казган. Акыры өжөрлөнүп отуруп, 2-3 жылда суу тартып келүүгө үлгүргөн. Арыктын узундугу 3 чакырым, азыр жыл сайын кол менен казып, тазалап турабыз. Суунун башы булак, жарым кулак суу келет. Бакчага чейин атайын суу топтоочу көлмө куруп алганбыз. Ал жакка суу тынымсыз толуп турат. Атам буудай, чөп-чар эле айдачу. Атабыздың көзү өткөндөн кийин бир туугандарым менен бак отургуздук. Мынчалык түшүм берет деп ойлогон эмеспиз. Буюрса бары жакшы», - дейт ал.
Бул жайда алманын эрте жана кеч бышкан сорттору, ошондой эле шабдалынын, өрүктүн бир нече түрү бар. Каныбек Боталиев мындан тышкары 8 га жерге арпа, буудай жана көп жылдык чөптөрдү айдаган.
Кайрак жерди жашыл талаага айландырган каарманыбыздын атасы Майрамбек Боталиев тууралуу анын карындашы Гүлдина Жаманкараева төмөндөгүдөй эскерди.
«Жөн эле бозоргон талаа болчу. Элдин баары малдын жайытын тосуп алды деп жаман көрчү. Мына эми балдары үзүрүн көрүп жатат. Байкем байкуштун арбагы ыраазы болсун. Алмасы, өрүгү бышып жатат», - деди ал.
Элеттик багбан бул жылга алган түшүмүн айыл эли менен тууган-уругуна тараткан. Келерки жылдан баштап чарбасын дагы кеңейтип, мындан аркы ала турчу түшүмүн сатыкка чыгаруу аракетин көрөрүн айтты.