Turmush — Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун мүчөсү, «Кыргыз Республикасынын ардактуу атуулу», ардагер журналист Жумагүл Керимбекова быйыл 70 жашка толду.
Жумгал жергесинде гезит, радиоберүү жана телеберүүдө тынбай эмгек кылган каарманыбыз 1953-жылы Көк-Ой айылынын Эмел кыштагында туулган. Ал 1961-1968-жылдары Көк-Ой 8 жылдык мектебин ийгиликтүү аяктап, 1968-1970-жылдары Чаек орто мектебин бүтүргөн. Эмгек жолун 1970-1973-жылдары Миң-Куш өрт өчүрүү бөлүмүндө телефонистка кызматын аркалоо менен баштаган. Билими жогорку, КМУнун журналистика факультетин аяктаган.
Жумагүл Керимбаева журналисттик эмгек жолунда «Советтик Кыргызстан», «Нарын Правдасы», Жумгал райондук «Демилге» гезиттеринде иштеген. Анын ичинен 30 жылдык өмүрү «Демилге» гезити менен өттү. Ушул гезитте корректор, корреспондент, жооптуу катчылык кызмат орундарында иштеген. 15 жыл редактордун орун басары кызматын аркалаган. Көптөгөн макала, интервью, очерк, фельетон, публицистикалык чыгармаларын райондук «Демилге» гана эмес, республикалык, облустук гезиттерге, радио берүүлөргө байма-бай чыгарылып турган.
80-90-жылдары Жумагүл Керимбаева мыкты фельетонист катары таанылып, бир канча сынактардын жеңүүчүсү болгон. 90-95-жылдары жумасына бир жолу берилүүчү «Жумгал ата» жергиликтүү телеберүүсү ачылганда телеберүүнү жетектеп, ошондой эле жергиликтүү радиоберүүнү да бирге алып барган.
«30 жылдан ашык эмгек жолум ушул “Демилгеде” өттү. Ургаачы кишилерге журналист болуп иштөө оор. Үйгө кеч кеткен күндөр болот. Азыр алып келген материалды эртең менен гезитке чыгарууга туура келип калат. Ошондо түнү менен иштеш керек болот.
Абышкам Санташ Самудинов менен 35 жыл бирге жашап, 4 баланы тарбиялап өстүрдүк. Ишимдин ийгиликтүү болушуна чалдымдын салымы чоң. Ал 2011-жылы каза болду. Азыр 8 неберем бар. Эс алууда болсом да, бүгүнкү күнгө чейин биздин облустун эле эмес, бардык гезиттерди алып окуп турам. Китепканаларга барып турам», - деди Керимбекова.
Каарманыбыз ардактуу эс алууга чыкканда «Демилге» гезитинин жалпы жамааты редакциянын кызматтык «Жигули» унаасын тапшырып, жылуу узатышкан.
«Ыраматылык Жумгалбек Турсунбаев, Мыканаалы Жуматаев, Жараш Көчөров, Сапарбек Мамбетов, Шейшеналы Шамыратов, Азис Кызалаков өңдүү жазгычтардын кулк-мүнөзүнө жараша макалалары да ар башка болчу. Курч макалалар Жумгалбек Турсунбаевдин калемине таандык эле. Ал фельетондогу каарманын куйкум сөз менен куйкалап, камырдай ийлеген эң күчтүү фельетонист болчу. Жаныбек Самудиновдун чындыкты таамай айтканы, калыстыгы коллективди дайыма биримдикке чакырып турар эле. Ошол кездеги Бексултан Арыков, Кедейкан Султановдун санжыралары, Сабырбек Акматовдун макалалары гезит бетинен орун алчу. Типографиянын ишин ийне-жибине чейин билген Дуулат Кожокановду эскербей коюуга болбос. Коргошун куйгандан баштап гезит басылып чыкканга чейин Дуулаттай өздөштүргөн бир да адис болгон жок. Мындай тубаса зирек адам чанда кездешсе керек деп ойлойм. Ал билбеген, ал оңдой албаган типографиялык бир да машина жок эле. Типографиянын күү-шаа түшкөн турмушу Дуулатсыз токтоп калчудай түр берип турчу. Азиз Кызалаков (ал кезде жооптуу катчы) өзүнө сөзү жарашкан, чыкыйган, анан абдан дыкат адам эле. Райкомдон которулуп келген. Гезит менен тааныш эместигин билгизбей, өтө кылдаттык менен иштечү. Өз кезегинде айыл чарба бөлүмүнүн башчысы болгон Жараш Көчөров менен мен бир бөлүмдө иштедим. Тамекисин буркурата чегип, типографиянын бардык ишине башчылык кылган Сейдимамбет Жамангараев менен өмүрлүк жолдошу Аскан Мисирова экөөнүн колу тийбеген бир да тамга болбосо керек.